Кыргызстандын 3 шаарында “Нооруз-2013” аттуу КРнын Волейбол федерациясынын Жаштар Лигасынын 3-мелдеши соңуна чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды. Маалым болгондой, 21-24-мартта Бишкек шаарында өткөн мелдеште 1-орунга "Салам-Алик" (Бишкек) командасы чыкты. Ушул эле күндөрү Каракол шаарында кыздар арасында мелдеш өтүп, анда да 1-орунду "Салам-Алик" (Бишкек) командасы ээледи. Ал эми Ош шаарындагы мелдеште кыздар арасынан 1-орунга Токтогул районунун, эркектер арасынан 1-орунга Ош облусунун командалары татыктуу болушту.