Ирландияда тюлень ресторанга дайыма келчү "конокко" айланды

Ирландиядагы ресторандардын биринде тюлень дайыма келчү "кардарга" айланды. Уиклоу шаарындагы жээкте жайгашкан балык даярдалчу ресторан жергиликтүү тургундардын жана туристтердин көңүлүн бурган. Бул мекеменин иштешинде эмес, ал жерге өзгөчө кардардын келишинен улам болгон. Себеби бул жайга тамактануу үчүн күн сайын тюлень келип кетет. Бул тууралуу "Russian.rt.com" сайты 13-мартта жазып чыкты.

Бул жайга жетип келүү тюленге кыйынчылык деле жаратпайт. Болгону суудан чыгып, унаалар аз өткөн жолду кесип өтүүсү гана керек. Ачка жана өжөр тюлень балык жеш үчүн бул жайга күнүнө бир нече ирет келип кетет.
Сүрөттөн мындай "кардардан" тажаган ресторан кызматкеринин аны кетирүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Ал эми видеосу интернетте кызуу талкууну жаратты.

Тюлень ресторандан тамактанат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Musabaeva
2016-03-15 15:18:40
Балык калбай калганго суудан сыртка чыкканга караганда))
-1
dajjal
2016-03-15 15:55:47
baykush janibar but balikti adamdar alip ketse bunun da iriskisin berish kerek da kaltirbay tutup albay((
0
Gulya21
2016-03-15 16:28:12
Ии бечара 1-2жолу келсе 1ден балык берип койсо болмок жакшылык кылып
0
Birimdik5555
2016-03-16 03:54:32
Ресторанга кардарлар тюленди коруш учун келсе анда кубалабай эле бага бербейби
0
bolotbek91
2016-03-16 04:10:28
Сууда балык жок окшойт бир озу калганбы дейм
0
begai93
2016-03-16 04:39:04
Айиий мынча жакшыы ))) бечара атайын келгенине жараша бирден балык берип эле койбойбу куубай
0
Mekuza92
2016-08-28 17:57:05
Жалкоо тюлень да даяр тамакты энсеп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан