super.kg logo

Баткен облусунда "жер тилкесин талашуудан улам агасы менен жеңесин бычактап өлтүргөн" деген шек менен 50 жаштагы жаран кармалды

 

Баткен облусунда "жер тилкесин талашуудан улам агасы менен жеңесин бычактап өлтүргөн" деген шек менен 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-март күнү саат 13:00 чамасында милицияга ооруканага Баткен шаарынын Сайдиман-Ажы көчөсүндө жайгашкан эт сатуучу дүкөндөн бычакталган 56 жаштагы Сайдимамат Б. аттуу жаран келип түшкөнү маалымдалган. Ал оор жаракаттардан улам жандандыруу бөлүмүнөн каза болуп калган. Саат 16:09 чамасында Кызыл-Жол айылындагы үйлөрдүн биринен маркумдун 53 жаштагы Айнагүл Б. аттуу аялынын бычакталган жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү келген. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары маркумдун бир тууган иниси, 50 жаштагы Сайитказы Б. кармалган. Аны кармоо учурунда жанынан ашкана бычагы жана башка далил буюмдар табылган. Кылмышка шектүүнүн айтымында, агасы экөөнүн ортосунда жер талаш маселесинен улам пикир келишпестиктер болуп келген.

Учурда кылмышка шектүү камакка алынып, соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Маркумдардын артында 5 баласы калганы маалым болду.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
16.03.2016. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
599
Катталган:
08-02-2015
Соӊку аракети:
22-02-2019 21:05
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сый урмат менен эле ошол жерди ортодо иштетселер болот бир тууган экен.
Улуусуга да кичуусуго да жок ошол жер жатат эми катып.
Бири келбес жакка кетти экинчиси омуру откончо кара тордун ичинде жатат сыздап, кимге керек, кимдин шору.
16.03.2016. 11:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
31-01-2016
Соӊку аракети:
09-05-2016 17:35
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адам олтуруу чымын олтургондой эле болуп баратабы ыя?
16.03.2016. 11:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
16-09-2013
Соӊку аракети:
17-06-2019 12:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KGZ
+6
акыркы кундору союп кетиптир деген жат созго кошулбай калдыго кунуго ушунда жанылык
16.03.2016. 12:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1273
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
17-06-2019 00:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алматы
+3
Бир жатында жатып, бир ата-энеден торолушсо да ар пенденин кулк мунозу(психологиясы) ар кандай калыптанган. Демек," Оой, бычактап таштаптыр канкор"-дегенче ошол бычактаганга жеткирген маселеге баа бергим келет. Балким бул кылмышкер бул жолду атайын тандагандыр оз омуруно тобокелкелчилик жасап??
16.03.2016. 12:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
06-02-2016
Соӊку аракети:
26-11-2016 21:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
Население планеты растут,а люди меньше и меньше...дегени тура да озу.Адамдар байлык,бийлик учун нелерди гана кылышпай атат...
16.03.2016. 13:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
596
Катталган:
04-09-2014
Соӊку аракети:
13-06-2019 22:58
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх эх эх,эми жер экооно да жок болдуда,бул жер кимдерден калган эмес,жакшы иш болбоптур.
16.03.2016. 14:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
02-11-2012
Соӊку аракети:
15-05-2019 23:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+2
Азыр эле ушул кабардын темасын окуп уйго кирсем атам ушул кишилер тууралуу суйлоп жатыптыр,биздин айылдан экен. Иниси катуу ачууланса да башка жол менен эле чечишсе болмок экен. Журогум ооруп чыкты... Эхх...
23.03.2016. 11:07 
Тайпасы:
Администраторы
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
23-10-2012
Соӊку аракети:
17-06-2019 12:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Kymyzkyz,мага купуя кат м енен байланыша аласызбы?
16.03.2016. 14:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
14-10-2013
Соӊку аракети:
16-06-2019 23:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен областы Баткен шаары
+2
Аллах озу сактасын
16.03.2016. 15:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
232
Катталган:
10-02-2016
Соӊку аракети:
16-06-2019 23:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызыл жол айылында бул корунуш болуп турат анча мынча.
16.03.2016. 15:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
344
Катталган:
02-03-2016
Соӊку аракети:
01-09-2017 17:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Munar8625,силер мындай окуяга конуп калгансынарбы?
16.03.2016. 15:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
344
Катталган:
02-03-2016
Соӊку аракети:
01-09-2017 17:15
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каап эми не дешини да билбейсин тооба,2 бир туугандын балдары омур бою душманга айланды,горуно кетеби жерди талашып
16.03.2016. 16:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
23-04-2013
Соӊку аракети:
17-06-2019 09:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+4
Менин аяшата аяшапаларым эле. Уулу менен кызы Москвада эле кечинде москвадагы достору туугандары болуп аларды крга узаттык
23.03.2016. 11:07 
Тайпасы:
Администраторы
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
23-10-2012
Соӊку аракети:
17-06-2019 12:31
Жынысы:
Белгисиз
0
dasa-kgz, саламатсызбы? Мага купуя кат аркылуу байланыша аласызбы?
17.03.2016. 10:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
19-08-2014
Соӊку аракети:
21-04-2016 14:05
Жынысы:
Белгисиз
0
фотону коруп денем чымырап кетти
19.03.2016. 00:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
06-12-2013
Соӊку аракети:
13-10-2017 00:06
Жынысы:
Белгисиз
0
alimar, кайсы фотону
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
127697;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: