Ош шаарында "боюнан алдыруу үчүн 5500 сом талап кылган" деген шек менен жеке менчик клиникаларынын биринин кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал жеке менчик клиникаларынын биринин кызматкери боюнан алдыруу үчүн көп суммадагы акча талап кылып жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Ош ШИИБинин 5-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жеке менчик клиникада иштеген Ош шаардык төрөт үйүнүн бөлүмдөрүнүн биринин башчысы 5500 сом акча алып жаткан жеринен кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.