Бишкектин белгилүү имараттары СССР маалында жана бүгүн... (фоторепортаж)

Бишкектеги стратегиялык маанидеги имараттардын көбү СССР маалында курулган. Алар бүгүнкү күндө да архитектуралык жактан шаарыбызга өзгөчө көрк кошуп турат. Оңдоп-түзөөдөн өткөндөрү, бир калыптан жазбай, көркөмдүк сынын жоготпой тургандары да бар. Төмөнкү сүрөттөрдө борбор шаарыбыздагы белгилүү имараттардын союз кезиндеги жана азыркы учурдагы сүрөттөрү. Жылдар арасында кантип өзгөргөнүн көрөлү.

Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) Политехникалык институт. Имарат 1954-жылы курулган.

Окуу жай учурда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети деп аталат.

Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Мамлекеттик педагогикалык институт 1931-жылы курулган.

Учурда окуу жай Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети деп айтылат.

Мамлекетибиздеги көркөм, архитектуралык, мемориалдык баалуу жерлердин катарына кирген Спорт Ордосу 1974-жылы курулган.

Спорт Ордосунун 2016-жылдагы көрүнүшү.

В.Дубовдун демилгеси менен борборубуздун так ортосунда жайгашкан Өкмөт үйүнүн имараты 1936-жылы курулган.

Учурда бул имаратта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараты жайгашкан.

Фрунзенин элдик депутаттарынын имараты 1978-жылы планга киргизилип, 1980-жылы анын курулушу бүткөн.

Бүгүнкү күндөгү Бишкек мэриясынын имараты.

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имараты архитектор П.Печёчкиндин демилгеси менен 1980-жылы курулган.

Филармониянын азыркы көрүнүшү

Кыргыз мамлекеттик драма театрынын имараты 1970-жылы салынган.

Кыргыз драма театры, 2016-жыл.

Политехникалык техникумдун имараты архитектор Е.Писаревдин демилгеси менен 1957-жылы курулган.

Имарат учурда Кыргызстан эл аралык университетине караштуу.

СССРдин аймагындагы эң чоң кинотеатр архитектор Г.Кутателадзенин демилгеси менен 1966-жылы курулган.

Кинотеатрдын азыркы көрүнүшү

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kadam
2016-03-28 14:59:28
Мурунку "Нарын" ресторанынын азыркы абалын чагылдырсаңар да жакшы болоор эле. Канча мээнет менен курулган баалуу имарат кор болду да калды.
+3
kama_future_millioner
2016-03-28 15:06:52
Кобу жакшы сакталыптыр ошол бойдон
+2
gulbadam91
2016-03-28 15:35:01
kama_future_millioner,демек жылыш жок экен да э:))
+3
eldar.
2016-03-28 15:30:21
Жакшы сакталыптыр. Бирок мурун жап-жашыл болгон экен, азыркылары кагырайтго.
+5
mr.sher
2016-03-28 15:53:45
Айтарлуу өзгөрүүлөр жокко
+2
cholponka91
2016-03-28 16:27:23
чын эле мурун жапжашыл болчу турбайбы азыр кантет боппоз болуп
+4
marmiladka9
2016-03-28 17:14:43
жашылдандырыш керек экен шаарды
+2
zoichka
2016-03-28 17:44:45
Мурун машина аз.аба таза болчу.ал эми азыр шаарда киши башына экиден машина туура келип шаар бензин.ыш жыттанат
+2
Nasyrkg
2016-03-28 23:52:11
Кайран Фрунзем жапжашыл таптаза шаар элен го азырчы базар.
+2
finalyear2014
2016-03-29 02:52:12
СССР Убагында Бишкек "зеленый город" деп айтылганы бекеринен эмес экен. Филармониянын 80-жылдагы сүрөтүн көрүп сүйүндүм, Бардык жак жашыл. Азырчы айтышка тилин барбайт эхххх.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан