Ысык-Көл. Балыкчыда кылмышкерлердин колунан каза тапкан милиция кызматкерлерине айкел тургузулду

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, айкел тургузуу демилгесин Балыкчы шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Кандыбек Дагенбаев көтөргөн. Айкел Кубатбек Ибраевге, Дайырбек Курманалиевге жана Мусабай Сариевге тургузулду. Эске сала кетсек, Кубатбек Ибраев 1980-жылы куралдуу кылмышкерди кармоодо каза болсо, Дайырбек Курманалиев жана Мусабай Сариев издөөдө жүргөн кылмышкерлердин колунан каза табышкан. Айкелди тургузууга Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери өз ыктыяры менен каражат чогултуп беришкен.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан