Кыргыз-өзбек чек арасы: "Бийлик эч бир жыйынтыктуу иш жасабай, чек арачыларыбыз өзбек аскерлерин бир чакырым алыстыкта аңдып турушат" деди активист

Бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесиндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканы маалым болгон. Жергиликтүү активист Камчыбек уулу Шекербектин SUPER.KG порталына билдиргени боюнча, учурда маселени чечүү үчүн жергиликтүү бийлик эч бир жыйынтыктуу иш жасабай жатат.

Ала-Бука районунун такталбаган чек арасына бүгүн, 18-мартта саат 08:00 чамасында өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны токтотуп, көзөмөл пунктун уюштуруп алышкан. Биздин чек арачылар азыркы тапта өзбек аскерлерин чек арадан бир чакырым алыстыкта аңдып турушат.

Буга чейин чек ара маселесин тактоо боюнча митингдерди уюштуруп, маселени чечип берүү талабын койгонбуз. Бирок бийлик спорт менен машыгып жүргөн балдар аркылуу бизди таркатканга аракет кылган. Ошондуктан бүгүнкү күндө ушундай кырдаал жаралып жатат”,- деди активист.

Аксы жолуна өзбек чек арачылары блок пост коюшту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
KyrgyzKagan
2016-03-18 14:50:37
Президент кундо куралдуу кучтордун кол башчысын, УКМКнын торогасын,МВДны, Башпрокурорду кабыл алат. Толк жок эч, оппозицияны андыбай карабайбы чек араны, эртен озбектер кирип келип, бир озбек айылды басып алса, Украиндер Крымды алдыргандай озунарды ачып каласынар?
+9
Tansuluu09
2016-03-18 14:51:05
Жетимдер.. Эл аран тургандар бир нерсени башташпаса эле болду. Озбектерди негизи июнь окуясынан кийин ошол бойдон каяка бар ошол Жака бар деп киргизбей коюш керек эле .. Жакшылыкты билбейт алар уй жайын мамлекеттин атына откозуп салышса болмок. Оздору ушинтип башташат, июнь окясында канчалаган кыргыздар каза болушту..
+16
Tansuluu09
2016-03-18 14:54:30
Депутаттар жолукса да эч нерсе чечилбейт, президенттер жолукса да эч нерсе чечилбейт...
-6
nursultan67
2016-03-18 15:12:31
Бийликтегилер акча акча болсо болду.эл жер кызыктырбайт экенда
+3
Tansuluu09
2016-03-18 15:15:32
Кытай, Казак, Тажик, Озбектер торт жактан кичинекей Кыргызстанды басып алышпаса эле болду биздин урпактарга, биз Кыргызстанды толук бойдон керек болсо ашыгы менен откоруп беришибиз керек. Биз ошого милдеттуубуз.
+4
elgiz0890
2016-03-18 15:31:05
Бакиев кучтуу президент экен эле каримовту жыйында олтурганда соз мн очургон даже чек арага жакын келе албайт болчу озбектер бакиев убагында озубуз куноолубуз аны кетирип бир ойу жок озумчул адамды алып келип алдык рахмат апрелчилер
+18
mery.89
2016-03-18 15:34:37
Озбектер асфальт жол бизге карайт деп атат экен го.ушунча жылдан бери эми эсине келгенсип эгер жол озбекстанга отсо анда Аксыга Алабукадан самалет верталет менен барышабы?жол курса кыкемдер биздики десек береберет экендеп дагы алып алсын.
+4
Rednalf
2016-03-18 15:35:18
Өзбек "сооттранспортерун" алып келсе кыргыз соот кийип алып эле коргойт чек арасын.Бийликке ишенбей өзүңөргө ишенгиле.Бийлик бүгүн бар эртең жок.
+3
Tansuluu09
2016-03-18 15:35:31
Темир Сариев менен куч тузумдорунун жетекчиси эмнени талкуулады экен. Биз ушул маселени талкууладык, ушунтип чечилди бул маселе деп ачык айтса, мына коргуло ушундай болду деп Эл козуно корсотсо болмок.. Талкуулады деп атын эле чыгарбай
+2
a.m.akmoldoev
2016-03-18 15:36:09
Озбектер жаман менин намысыма тийип
жатат. Мен чыдабай жатам. Жогоркулар
кантип чыдап жатышат. Же аларда намыс
деген нерсе жокпу.
+12
begai93
2016-03-19 06:30:52
a.m.akmoldoev,кошулам! Кыз бала болуп туруп менин да намысыма тийди! Аябаай ачууланып жатам! Ушул сааттарда ушунчалык ПАТРИОТ экенимди сезип жатам! Чын эле ЧОН КУРСАКТАРДА НААМЫС деген жашабай калгангоо ((( Аларда эмне ата эне бир иууган ж.б тууган уруктары жокпу?!! Кыргызстандын келечеги кызыктырбайт бекен?!Же булар только бугунку кун менен гана жашап калганбы?! Жооок!!! Бугун эмес келечекти ойлоп жашаш керек!!!
+1
aiza_84
2016-03-18 15:37:14
Оппозиция президентти андып президент оппоз.ы андып журо бергиле,бир биринерге иш бербей,президент дагы эч жарытындуу иш кылбады
оппозиция деги эле митинг деп эле элди болуп жаргандан башканы билбейт,бир куну туштук озбекстанга тундук казакстанга отуп кетет анан коробуз президент кайда барат оппозиция кайда барат ,дагы эле баягы карапайым калк калат экиге болунуп
+4
bah_tee
2016-03-18 15:38:00
Просто журогуң ооруйтта ушуларды коруп. ак үйгө барып ар бирин ХХХ ХХХ ХХХ...
+2
admin_portal
2016-03-18 15:59:41
bah_tee - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
-1
Adil706070
2016-03-18 15:41:11
койгонбуз
0
Nurik.180212
2016-03-18 15:52:48
Элгиз0890. Сага толлук кошулам
0
Ruslan_d
2016-03-18 16:58:04
Ушул бизде митин боло баштаганда эле чек арада бир чыпы чыгат ушул коншуларыбыз биздин тынч жашашыбызды коро албайтго дейм. Негизи ачууга алдырбай акыл менен иш кылыш керек азыр, озубуздун алыбызга жараша!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан