Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы аткарыла элек. Кечээтен бери аталган аймакта чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"Кечээ аталган аймакка Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев жөнөп кеткен. Учурда кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Эки өлкөнүн ортосундагы расмий келишимдерге ылайык, такталбаган аймакка аскерлерди киргизүүгө жол берилбейт. Буга байланыштуу кечээ расмий түрдөгү билдирүү жөнөтүлгөн, азырынча ага эч кандай жооп келе элек",- деп билдиришти аталган кызматтан.
Маалым болгондой, учурда кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан калктардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Айта кетсек, 18-март күнү кечке маал өзбекстандык агенттиктердин бири өлкөнүн Мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин өкүлүнө шилтеме берүү менен Аксы - Ала-Бука жолунда өзбек жоокерлери турган аймакты "биздин өлкөгө караштуу жер" деп билдирүү жасаган.