ЭЛДИК КАБАР: Аксыда 100дөн ашуун адам чогулуп, чек ара маселесин чечүүнү талап кылды

Аксы районунун Өлөң-Булак айылында 100дөн ашуун адам чогулуп, чек ара маселесин тез арада чечип берүүнү талап кылды. Бул тууралуу окурман бүгүн, 20-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады. "Жыйынга район акими, жергиликтүү милиция башчылары жана бийлик өкүлдөрү катышты. Азырынча эч кандай жыйынтык жок",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (68)
logitech83
2016-03-20 22:40:16
Атамбаев ХХХ ХХХ ХХХ...
+3
admin_portal
2016-03-21 16:15:06
logitech83 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
-1
elvira97
2016-03-20 22:53:49
тынчтык эле болсунчу
+1
Aitpaaim
2016-03-21 02:08:22
однодон табып келдим саясатка жаза албай жатам.
Семетей Талас Уулу. Каримовго кайрылуу: Мен урматтабаган Ислам Каримов Сизге,
интернет аркылуу кайрылууну чечтим. Силер -
расмий Ташкент тез арада Аксыдан аскер
күчтөрүңөрдү алып кетүүнү талап кылабыз.
2004-жыл эсиңизде болсо, Өзбекстан
Кыргызстанга кышында газ бербей, биз жакшы эле тоңгонбуз. Арийне, ошол жылы биздин
жетекчилик силерге суу бербей койгондо пахта
өндүрүшүңөр 400 млн. долларга чыгым
тарткан
+2
Aitpaaim
2016-03-21 02:25:39
Аны жакшы билесиз. Качандыр бир
күнү Кыргызстандын башына гидро
энергетикалык ресурстарды туура пайдаланган, Токтогул ГЭСиндеги сууларды арам акчага такыр
сатпаган муун келет. Балким, аны сиз
көрбөйттүрсүз, бирок элиңиз ошол күндөрдү
көрөт. Сиз азыркы аскер күчтөрүңүзгө
таянбаңыз. Себеби, бир элдин тарыхта калуусун
же тарыхтан жок болуп кетүүсүн бир Аллах чечет. Тарыхка абай салсак, баатыр кыргыз
элине кастарын тиккен эл көп эле болгон.
+2
Aitpaaim
2016-03-21 02:32:53
Мисалы, уйгурлар убагында Энесайда бизге
каршы көп согушкан акыры эмне болду? Улуу
Кыргыз Дерважасы түзүлүп, 840-жылы уйгур
каганаты кыргыздардан жеңилип, СУАРга чейин качып барышкан. Ошолорду биз кубалап
барып, Кытайдын алдына тыкканбыз. Кийинки
тарыхта калмак-жунгарлар кыргызга кыргын
салганда, башында биз катуу кырылып, бирок
кайра күчтөнүп калмактарды талкалап, азыркы
Россиянын Калмак Автоном республикасына жер оодартканбыз.
+3
Aitpaaim
2016-03-21 02:51:17
Мындан 100 жыл мурда
Орус падышачылыгы кыргыздарды геноцид
кылып кырган. Тарых деген бумерангга окшош
процесс. Ошол орустардын башына еврейлер
келип, большевик, кулак, меньвешик, ак
гвардия деген саясат менен орустардын өзүн катуу кырып, 70 жыл расмий Москваны
башкарып отурушту. Андыктан ойлонуңуз.
Кыргызга кара санаган мамлекеттер, хандар
акыры өлүп же талкаланган. Акыркы казак
ханы Кененсарынын Санкт-Петербург
музейинде турган баш сөөгү буга эң
+3
aitenir
2016-03-21 02:57:51
Мискенбаев кайда
0
Aitpaaim
2016-03-21 02:59:27
эң сонун далил. (Кененсары кыргызды кырам деп келип
жеңилип, башы алынган).
Сизди жана сиздин агрессор өлкөңүздү жалгыз
эле Кыргызстан жек көргөн жок. Казактар
Ташкентти жана ага байланышкан үч районду
өздөрүнүн тарыхый жерибиз деп ачык айтып келишет. Тажикстандын президенти Эмомали
Рахмановдун "Самарканд менен Бухара
тажиктердин жери. Аны эртели-кеч Тажикстанга
кайтарам" - деген убадасы бар. Ташкент,
Бухара, Самарканд 1920-жылы Лениндин
+2
Aitpaaim
2016-03-21 03:03:30
туура
эмес саясаты аркылуу силерге өтүп кеткен. Ошол 1920-жылга чейин Өзбекстандын
борбору Таскент (Ташкент эмес) Самарканд
болуп келгенин баарыбыз билебиз. Андижан
жана Жизак аймагынын бир топ жери
Кыргызстандын жери болчу. Аны да биз эртели
кеч алабыз. Интернетте каракалпак туугандарыбыз "Каракалпакстан бул Өзбекистан
дегени эмес" (тексти өзгөрттүүсүз жаздым) деп
ачык эле жазып атышат. Андыктан бөтөн
өлкөнү бүлүндүрүүдөн мурда өз өлкөңүздү
+3
Aitpaaim
2016-03-21 03:05:47
өз өлкөңүздүн
бүтүндүгүн ойлоңуз. Конфликт болгон күнү
биздин кошуналар дагы жөн жатпайт жана тарыхый жерлерин кайтарып алуу үчүн аларга
мындан өткөн тарыхый момент болбосо керек.
Менин катым сизге жетет деп ойлойм, анткени
силердин агенттер бизде жетишээрлик
деңгээлде көп.
+3
AlbertEnshtein
2016-03-21 04:47:57
Мага мындай ой келди: эгер кыргыздар тойго , шаан шокот ичимдике кеткен чыгымдарын токпой чачпай чек ара курууга кетиргенде, Кыргызстанды торт айлантып бийиктиги 5 метр болгон бетон забор курганга каражат жетсе керек эле. Канткенде да озубуз куноолубуз. 120койду да шайлаган озубуз. Сотторго пара берип туугандарыбызды бошоткон озубуз. Гаиге, врачка, ЖОЖдордо пара берген озубуз. Пара алган дагы озубуз-кыргыздарбыз. Баарына АКШ же РФны куноолош оной, бирок биз озубуз жоопкерчиликсизпиз.
+2
AlbertEnshtein
2016-03-21 04:53:53
Ошол депутат, окмот дагы озубуздун эле таеке, ата-эже, байкелерибиз. Башка планетадан келип калышкан жок. Честный иштебеген озубуз. Армияга балдарды жибербей, анан биздин армия алсыз деген да озубуз. Же бизге ошол Каримовдой диктатор керек, же биз исламдын законуна отушубуз керек. Болбосо онолбойбуз. Кузгунга таланган эттей болуп, ар жагыбыздан бастырып кирип, уурдап тоноп кете берет, же озубузду озубуз курутабыз. Ысырап дегенди билбегенибиз бизди тубубузго жеткирет.
+4
begai93
2016-03-21 05:14:27
Эээйй эмне дешти да билбей калдым!Жаман жакшы жазып кордум все розно БЕЗ ТОЛК !!!Иши кылып ТЫНЧТЫК эле болсунчу! Кан тогулбосун! Оюу жамандарга ылайым АЛЛАХЫМ озу жазаа берсин! КЫРГЫЗЫМды сыздаткандар эки дуйно онбосун!!!
0
bekmaral
2016-03-21 08:42:07
dobrojelatel:алабукалыктар пассивдуу учун озубекстандын ичине кирип турат картасы аксылыктардын жерин бут алып алган озубектер ишенбесен картаны кара аксынын центрине чейин озбекстан
0
admin_portal
2016-03-21 16:12:48
Eko, nalukg,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
Jaloshtalnarisbatchui
2016-03-22 10:52:00
Мен Атамбаевчи да Акаевчи да эмесмин...Бакиев убагында Максимге 60тыйын толоп телефон менен суйлошуп калганынар эстен чыктыбы...6партиянын 4 ХХХ ХХХ ХХХ...Атамбаев да кетет коробуз ошондо...бет тырмачылыктын кереги жок... кыйратам дегендер болсо окугула бийликке келгиле президент болгула курал жарак чыгарган заводтор кургула дуйного курал жарак саталы
-2
admin_portal
2016-03-22 11:11:42
Jaloshtalnarisbatchui - эскертүү!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан