Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жазган каршылык нотасына Өзбекстан так жооп берген жок

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 18-мартта Өзбекстанга Кербен - Ала-Бука жолунан аскерлерин жана техникасын алып салуусун талап кылган нота жөнөткөн эле. Бир нече күндүк тыныгуудан кийин Өзбекстандын тышкы саясий мекемеси ал каршылык нотасына жооп берди. Бул тууралуу КРнын ТИМинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Өзбекстан өз нотасында "Өзбекстанда жылына Нооруз майрамын майрамдоо учурунда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшөт" деп түшүндүрдү. Ал эми чырлуу аймактан тосмолорду алуу, куралдуу күчтөрдү жана аскердик техниканы чыгаруу боюнча кыргыз тараптын талаптарын жоопсуз калтырган.

Кыргыз тарап өзбек тарап менен алгачкы нотада айтылган шарттар аткарылганда гана бардык маселелер боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдирет.

Провокациялык билдирүүлөрдүн көп болуп жатканына байланыштуу "Соңку кабар" бөлүмүндөгү "Саясат" рубрикасы менен чыккан бардык кабарларга комментарий жазуу убактылуу жабылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан