Бүгүн, 24-мартта Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Азия чөлкөмү боюнча "В" тайпасында 2 оюн орун алат. 9-турда тайпа лидери Австралия курамасы Тажикстан курамасын кабыл алат. Ал эми Иордания курамасы Бангладеш менен беттешет.
24-марттагы оюндар:
Австралия - Тажикстан
Башталышы: 15:00 (Бишкек сааты боюнча)
Иордания - Бангладеш
Башталышы: 18:30 (Бишкек сааты боюнча)
Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын курамасы бул турда ойнобойт. Учурда футболчуларыбыз 29-мартта 10-турда Тажикстан менен болчу оюнга кам көрүп жатышат.