Экономика министрлиги: "Кыргызстандын түндүк аймагында азык-түлүк арзандады"
Экономика министрлигинен маалым болгондой, акыркы бир жуманын ичинде Кыргызстандын түндүк аймагында кумшекер, эт жана мал жандыктарына болгон баа арзандады. Министрликтин маалыматына ылайык, кумшекер Балыкчы шаарында 1 сомдон 5 сомго чейин арзандаса, Нарын жана Бишкекте бул азык 1 сомго төмөндөгөн. Ошондой эле Чолпон-Ата жана Нарын шаарларында уй этинин баасы 10-20 сомго чейин арзандады. Ал эми Балыкчы, Талас, Нарын аймагында койдун баасы 250 сомдон 500 сомго чейин арзандаган.