Бишкектеги соттун алдында жүзгө жакын адам "төңкөрүш жасоону пландашкан" деп кармалган оппозиционерлерди колдоо үчүн митингге чыкты

Бүгүн, 26-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландашкан" деп кармалган Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асановдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Сот жабык эшиктин артында өткөрүлүп, отурумга журналисттер киргизилген жок.

Соттун имаратынын сыртында жүзгө жакын адам соттолуп жаткандарды колдоп митингге чыкты. Алар "Атамбаев баарын отургузат", "Бийлик революцияга чакырууда" деп жазылган кагаздарды даярдап, темир тосмого илип коюшту. Азыркы тапта соттун чечими күтүлүүдө. 50гө чукул милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышат.

Айта кетсек, 24-мартта "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландашкан" деген шек менен Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилишкен. Эртеси УКМК Эрнест Карыбековду ушул эле шек менен кармаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан