КҮНСЕРЕП: Дарыгер жашыруун алган 6000 сомду чөнтөгүнө саларда кармалды
Ооруканага жаткыруу жана дарылоо үчүн жарандардын биринен 6000 сом алып жаткан жеринен Ош облустук аймактык ооруканасынын дарыгери кармалды. ИИМдин билдиришинче, дарыгердин үстүнөн жергиликтүү жашоочулардын бири арызданып, палатага жаткыруу үчүн андан 12 000 сом сурап жатканын айткан. Дарыгер максатына жетпей калды. Талап кылынган акчанын жарымын алып жатканда укук коргоо кызматкерлери үстүнөн басып калышты.
Эл арасында дарыгерлерге нааразылар арбын. Алардын кызматтык кайдыгерлиги, оройлугу, текеберлиги коомчулукта айтылып жүрөт... Бул пикир дарыгерлердин баары ушундай дегендик эмес, бирок бир кумалак бир карын майды чиритет дегендей эле. Жакшыбы, жаманбы жаныбыз кыйналганда кайрыларыбыз, үмүт кыларыбыз, дартыбызга даба тапчулар - ак халатчандар... Алардын айлыгына да "өйдө жактагылар" көңүл бурушу шарт.
Бишкекте бүгүн 2002-жылкы Аксы, 2005-жылкы Март, 2010-жылкы Апрель окуяларына арналган конференция өттү. Президенттин атындагы "Мурас" фонду уюштурган конференция "Бир оор жолдун үч ашуусу" деп аталып, анда аталган окуялардын себептери, байланыштары талкууланды. Фонддун жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин: “1990-жылы кыргыз мамлекети демократияга карай жол ачкан. Бирок 1994-жылдан тартып мурдагы президент Аскар Акаев өзүнүн авторитардык режимин чыңдап, кыргыз коомчулугун демократия жолунан тайдырган. 2002-жылкы окуяларда жалаң гана чек ара маселелери эмес, “авторитардык башкаруу нугунан баш тарткын!” деген талап коюлган. Ошондо реформалар менен демократияга багыт алсак болмок, бирок авторитардык систем буга жеткирген жок",- деп билдирди.
Белгилей кетсек, президент тарабынан түзүлгөн Мурас фондунун максаты - кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын изилдөө жана эл арасына кеңири жайылтуу долбоорлорун каржылоо боюнча милдеттерди чечүү.
Нарында "12 жашар кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган" деп айыпталган жаран 20 жылга кесилди. SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин билдиришинче, Кочкор районунун 32 жаштагы тургуну жаш кызды зордуктоого аракет кылган делинип былтыр ноябрь айында камакка алынган эле. Кочкор райондук соту 30-мартта айыпталуучу күнөөлүү деп тапты жана 20 жылга эркинен ажыратты. Бул мөөнөттү аз же көп деп баа бере албайбыз. Бирок мындай кылмышка гумандуулук кылуу жарашпайт...
Бишкектеги "Ош базарынын" тегерегиндеги баш аламан соода жүргүзүүнү токтотууга дагы бир аракет башталды. Мэриянын рейдинде вице-мэр Замирбек Малабеков базардын айланасын көрүп, Ленин райондук администрациясына тийиштүү тапшырмаларды бергени айтылды. Кыскасын айтканда, мындай аракеттер буга чейин да болгон. Шаар башчылыгына жаңы мэр келген сайын Ош базарынын айланасын тазалоого киришип, убакыттын өтүшү менен базардын айланасы мурунку кейпине келет. Ошентсе да арабаны аттын алдына койбой туралы. Бул жолку аракет эмне жыйынтык берерин убакыт көрсөтөт...