Бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаарындагы Абубакир Изибаев атындагы Улуттук циркте "Маскарапоздордун фестивалы" болуп өттү. Фестивалда кыргыз циркинин белгилүү артисттери жана Казакстан, Украина, Молдовадан келген таланттар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Бишкек мамлекеттик циркинин көркөм жетекчиси Кадырбек Тажиев фестиваль тууралуу буларга токтолду: "Маскарапоздордун фестивалын өткөрсөм деген максатым бар эле. Мына бүгүн, 1-Апрель - Күлкү күнүндө ишке ашты. Фестиваль Тарых жана маданият жылына карата уюштурулуп, өзүмдүн үй-бүлөлүк бюджетимден каржыладым. Өлкөбүздүн башка облустарында 13 маскарапоз бар экен, бүгүн баары катышышты. Ошондой эле Молдова, Украина, Казакстандан келген досторубуз да тамашаларын көрсөтүштү. Буюрса, эмдиги жылы эл аралык деңгээлдеги фестиваль уюштуралы деген пландар бар".
Күлкү күнүндө маскарапоздор манеждеги кичинекей-чоң көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулашты. Манеждеги көрүүчүлөр кыраан-каткырык, кол чабуулар менен маскарапоздордун ар бир чыгуусун колдоп-коштоп отурушту. Сүрөттөр муну далилдейт.