Чет элдик тасманын көчүрмөсү деп сынга кабылган "Оштуктун 11 досу" тасмасы КИНОЗАЛДА

"Медиа-порталдагы" криминал, комедия жанрындагы "Оштуктун 11 досу" тасмасы 2014-жылы тартылган. Режиссёру - Максат Жумаев. Анда Каныбек Рыспаев, Айсулуу Молдалиева, Алинур Абдыкалыков өңдүү актёр-актрисалар роль жаратышкан.

Тасманын продюсери Нурлан Мамакеев фильм кыска убакытта тартылганын айтып: "Буга чейин жаңы жылдык тасма тартууну ойлоп жатканбыз, бирок аба ырайына байланыштуу тартуу мүмкүн болбой калды. Аягында комедия жанрында фильм тартууну чечтик. Бизде кыргыз кинолору жарыкка чыкканда "силер тиги же бул кинону туурап жатасыңар" деп жалаа жаба беришет. Тасманын аталышы америкалык популярдуу "Оушендин 11 досу" тасмасынан алынган, бирок сценарийи, андагы окуялар такыр башка. Бизге "ай сайын эле жаңы фильм тартып жатасыңар" деп сын айткандар жок эмес. Бул нерсе тасманын сапат жагына таасир этпейт",- деп бизге берген маектеринде билдирген эле.

Тасмада оштук Олжо аттуу сүрөтчү жигит сүрөт музейиндеги кымбат баалуу экспонатты уурдамакчы болот. Муну ишке ашыруу үчүн таланттуу, техникаларды жакшы билген достору, ошондой эле Олжонун сүйүктүүсү жардамга келишет. Ошентип, достор экспонатты уурдап чыгуу үчүн түрдүү пландарды ойлоп табышат, бирок ойлогон ой дайыма эле ишке аша бербейт...

"Оштуктун 11 досу" тасмасын толугу менен бул жерден көрүүгө болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Izdeim_seni.
2016-04-05 17:06:10
Ушундай саны бар сапаты жок кинолор тартылбай эле койсо
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан