Бишкекте дарак кулап, жүрүп бараткан автоунааны басып калганын кабарлаган окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" жеңүүчүсү болду

2016-жылдын 27-мартында Бишкек шаарынын Турусбеков жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде дарак кулап, жүрүп бараткан автоунааны басып калды. Кырсыкты биринчилерден болуп SUPER.KG порталына 20 жаштагы Кубат уулу Азим кабарлап, айдоочуларды жолдо абайлап жүрүүгө, бөөдө кырсыктан сак болууга чакырган. Дарак кулаган жерди тезинен сүрөткө жана видеого тартып жөнөтүп, окуя коомдук талкууга чыкты. Окуянын өзү бишкектиктердин кыжырын келтирип, кооптуу дарактарды жогото албай жаткан мэрияны, анын тийиштүү мекемелерин сөгүштү. Кырсыктан эки күн өтпөй шаардагы сейил бактардын биринен дагы бир дарак кулап, адамдар жаракат алышты. Мындай көрүнүш шаар жетекчилигине олуттуу сигнал...

Жаратылыш кырсыктарынын кесепетин азайтууга болот, анын бирден-бир жолу - коопсуздук чараларын көрүү. Жарандардын көчөдөгү коопсуздугу үчүн тийиштүү министрликтер, муниципалитеттердин атайын кызматтары иштейт. Бирок аймактар тургай өлкөнүн борборунда жарандардын коомдук коопсуздугу толук камсыздалбай жатканы кайгылуу кырсык менен далилденип отурат.

Бишкекте дарактардын абалына, коопсуздугуна "Жашылдандыруу" ишканасы жоопкер. Кырсыктан кийин мэрия ойгонуп, жарандарга коркунуч жараткан дарактарды текшерип чыгуу тапшырмасын берди. Эмне үчүн бирөөнүн өмүрү кыйылгыча тапшырма берилбейт? Мындай кырсык биринчи жолу болуп жаткан жок. Акыркы жылдары бир нече факт катталып, адам өмүрү кыйылган учурлар болгон. Анда да дарактарды текшерүү башталганы айтылып, аягына чыккан эмес, кесепети - акыркы окуялар. Мындай кайдыгер мамиле токтобосо, мындан кийин да адамдарды кулаган дарак басып калбайт деген кепилдик жок...

Бишкектиктер "Жашылдандыруу" ишканасынын жооптуу кызматкерлерине чара көрүлүшүн талап кылып жатышат. Кимдир бирөөнүн шалаакылыгынан бейкүнөө жарандардын каза табышына жол берилбеши шарт. Мэрия кырсык боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын кабарлады, жыйынтыгы жакын арада билинет. Маркумдун артында аялы жана төрт баласы калды, алар борбор шаардын жетекчилигинен жардам күтүшүүдө.

Мэриянын шалаакылыгын айтып, адамдарды көчөдө сак жүрүүгө үндөгөн окурманды SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши март айынын жеңүүчүсү деп тапты. Кабардын автору заманбап смартфонду утту.

Жеңүүчү болгон жаран кырсык болгон учурду баяндап берди:

- Кубат, сизди март айынын жеңүүчүсү деп таптык, куттуктайбыз!

- Чоң рахмат.

- Дарак кулаган маалда сиз да ошол көчөдө белеңиз?

- Ооба, жумуштан чыгып үйгө бараткам. Жолдо алысыраактан түтүн чыгып жатканын көрүп калдым. Автоунаамды катуу ылдамдыкта айдап дароо жетип барсам, дарак кулап, жүрүп бараткан унаанын үстүнө түшүптүр. Айдоочунун буту педалды баскан бойдон калган экен, унаанын дөңгөлөктөрү айланып, түтөп жатыптыр. Дарак басып калгандыктан, эшиктерин ачууга мүмкүн болбоду. Аңгыча "Тез жардам" кызматы, куткаруучулар келишип чара көрүштү.

- Кабарды жарандарга эскертүү болсун деген ойдо жөнөттүңүзбү?

- Ооба, айдоочулар кырсыктан кабардар болушсун, көчөдө сак болушсун деген максатта жибердим. Элге маалымат берейин дедим. Табият кырсыгы дегенибиз менен, мунун деле алдын алышса болмок да. Куураган дарактарды кыйып, тазалап турушса мындай окуялар болбойт эле. Анан жарандар да көчөдө сагыраак болушса дейт элем...

Жеңүүчү уткан белегин кеңсебизге келип алып кетти.

Эсиңизде болсо, былтыр жазында SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманды редакция ай сайын аныктап, жеңүүчүгө заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Мезгилдин өтүшү менен окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: таза суунун жоктугунан айрым айылдын тургундарынын арыктан суу ичип жатышы, катуу ылдамдыкта унаа айдагандардын айынан кырсыктардын болушу, мыйзамсыздык, мамлекеттик ишкананын чатырында айрылган мамлекеттик желектин турушу, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүү үстүндө.

"Элдик кабардын" буга чейинки жеңүүчүлөрү:
2015-жыл, апрель - Чынберди Жанышов (Жалал-Абад облусу, Сузак району).
2015-жыл, май - Сабира Казамбекова (Ош облусу, Ош шаары).
2015-жыл, июнь - Алина Мустапакул кызы (Баткен облусу, Кадамжай району).
2015-жыл, июль - Байысбек Жеңишбек уулу (Нарын облусу, Ак-Талаа району).
2015-жыл, август - Толгонай Таалайбек кызы (Бишкек шаары).
2015-жыл, сентябрь - Нурсултан Токтосунов (Ош облусу, Ош шаары).
2015-жыл, октябрь - Куттубек Абдуллаев (Ош облусу, Ош шаары).
2015-жыл, ноябрь - Асылбек Мадалиев (Баткен облусу, Кадамжай району).
2015-жыл, декабрь - Рустамбек Эгембердиев (Баткен облусу, Лейлек району).
2016-жыл, январь - Бектур Эшимбетов (Бишкек шаары).
2016-жыл, февраль - Жыргалбек Шерматов (Баткен облусу, Кадамжай району).

кошулду
Бишкекте дарак кулап, жүрүп бараткан автоунааны басып калганын кабарлаган окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" жеңүүчүсү болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
luna007
2016-04-04 11:13:24
Женишин кут болсун
+1
Bazana
2016-04-04 13:30:18
Мотурайган жакшы жигит экен менда ушул кабардын ээси женсе кк деп ойлогон элем
+1
Patriot..kg
2016-04-04 14:22:46
кУТ Болсун
+1
Aktilek1994
2016-04-04 22:10:05
Кырсык болуп, жардамга муктаж болуп атса, жардам бергендин ордуна мен смартфон утмакмын деп камера, фотого тартып башташат эми...
-2
taoni
2016-04-05 22:53:17
Жамандыктын артынан келген телефонундан эми жалан жакшы кабарлады жиберип тур!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан