Бишкек шаарында 100 миң сом пара алып жатып кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов 5-апрелге чейин №1-СИЗОго камакка алынган эле. Тергөө амалдары аягына чыга электигине байланыштуу аны камакта кармоо мөөнөтү 1 айга узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде SUPER.KG`ге анын жактоочусу Жыргал Бабаев билдирди.
"Тергөөчү 5-апрелге чейин тергөө амалдары аяктайт деп билдирген, бирок тергөө аягына чыкпай калды. Ошол себепке байланыштуу Бишкектин Биринчи Май райондук соту Н.Шериповду 5-майга чейин №1-СИЗОдо кармоо чечимин кабыл алды", - деди Бабаев.
Маалыматка ылайык, 12-март күнү аталган УКМКнын коррупцияга каршы бөлүмүнө арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Н.Ш. аттуу статс-катчысы жана У.А. аттуу кызматкери 7 миң долларга бааланган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки унаасын тартып алышканын билдирген. Андан сырткары ошол эле адамдар дагы 550 миң сом акча талап кылып жатышканын кошумчалаган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен аталган кызматтын Н.Ш. жана У.А. аттуу кызматкерлери кармалышкан.