Бүгүн, 7-апрелде Ат-Башыда 2010-жылы курман болгондорго орнотулган эстеликтин алдына өкмөттүн кызматкерлери келип сөз сүйлөштү. Окуучулар болсо Апрель окуясындагы көрүнүштөрдү сахналаштырып көрсөтүп беришти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, буга катар айылда айымдар арасында веложарыш уюштурулуп, баалуу белектер берилди. Волейбол боюнча мелдеш да уюштурулуп, азыр оюн кызуу болуп жатат.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.