7-апрелде Ысык-Ата РИИБи тарабынан Романовка айылынын 23 жаштагы тургуну К.С. кармалган. Аны милиция Новопокровка айылынын И.М. аттуу тургунунун арызынын негизинде кармаган. И.М. арызында 23 жаштагы жаран аны сөгүп, маданиятка туура келбеген сөздөрдү айтканын жазган.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция аны кармап, текшерүүгө алганда чөнтөгүнөн 5 грамм марихуана табылган. Бул факт боюнча "баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.