Сонун жаңылык! Мындан ары гезиттин кеңсесинде эле эмес, “Таанышуу бурчу” үчүн жарыяңызды сайт аркылуу да жөнөтө аласыз. Бул жагымдуу кабарыбыз менен бөлүшүп, дос-курбу күтүңүз, издеп жүргөн сүйүктүүңүзгө жолугуңуз.
Заман агымына жараша сиз үчүн ыңгайлуу жана тездик менен ишке ашчу шарттарды сунуш кылабыз. Сайт аркылуу жөнөткөн билдирүүңүз кыргыз өлкөсүндөгү эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезитине жарыяланат. Биз менен бирге тааныштарыңыздын чөйрөсүн кеңейтиңиз!
“Таанышуу бурчу” рубрикасы менен буга чейин бир нече окурмандарыбыз кыялданган өмүрлүк түгөйлөрүн табышканын редакцияга сүйүнчүлөп кабарлашканы белгилүү. Андыктан көптөн күткөн сүйүктүүңүздү издеп жүрсөңүз, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, гезиттин редакциясына кайрылып же сайтка билдирүүңүздү жөнөтүү менен жарыяңызды бериңиз.
Жарыя берүү үчүн бул шилтемени басыңыз.