Чемпиондор Лигасында испаниялык “Реал” футболдук клубу 2 оюндун жыйынтыгында германиялык “Вольфсбургду” утуп, жарым финалга чыкты. Ал эми англиялык “Манчестер Сити” франциялык ПСЖны утуп, жарым финалдык жолдомого ээ болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 13-апрелге караган түнү “Реал” өз үйүндө “Вольфсбургду” кабыл алып, 3:0 эсебинде утуп алды (алгачкы оюнда 2:0 эсебинде утулган). Оюндагы 3 голду тең португалиялык форвард Криштиану Роналду өз эсебине жазды.
Ал эми “Манчестер Сити” өз үйүндө ПСЖ клубун кабыл алып, 1:0 эсебинде утту. Кийинки турга чыгуу үчүн англиялыктар үчүн 0:0 эсебинде ойноо жетиштүү болмок (алгачкы оюнда 2:2 эсеби катталып, “Манчестер Сити” конокто киргизген голдордун эсебинен кийинки баскычка чыкмак). Буга карабай үй ээлери гол жаратуу аракетин кызуу көрүштү. 30-мүнөттө Серхио Агуэро пенальти тээп, гол жарата албай калды. Оюндагы жалгыз голду Кевин Де Брейне 76-мүнөттө киргизип, үй ээлерине жеңиш менен кошо жарым финалдык жолдомону камсыздады.
Чейрек финалдык оюндардын жыйынтыгы:
“Реал” (Испания) – “Вольфсбург” (Германия) - 3:0
Голдор: Криштиану Роналду (16-мүнөттө, 17-мүнөттө, 77-мүнөттө).
“Манчестер Сити” (Англия) - ПСЖ (Франция) - 1:0
Гол: Кевин де Брeйне (76-мүнөттө).