"Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 2015-жылдын ноябрь айында "Ала-Тоо" аянтындагы Курманжан датка жана Манас айкелдеринин айланасындагы клумбаларга 22 842 баш жоогазын отургузушкан. Анда жоогазындын бир башынын наркы 15,73 сомду түзүп, жалпы баа 359 305 сом болгон. Отургузуу иштерине 20 миң сом каражат сарпталган. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, март айынан баштап жоогазындар гүлдөп, шаар тургундарына жагымдуу маанай тартуулоодо.