Бүгүн, 14-апрелде Ак үйдүн жанына "пара алып жатканда кармалып, жүрөгү токтоп каза болду" делген И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун туугандары митингге чыгышты.
"Биз бүгүн бул окуя акыйкаттуу иликтенсин, биз жазган арыздар каралсын, УКМКнын мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган кызматкерлерине кылмыш иштери козголсун деген талап менен чыктык. Тууганымдын каза болгонуна 1,5 айдан ашуун убакыт өттү, биз жазган арыздар боюнча кылмыш иштери козголгон жок. Бүгүн прокурор Ак үйгө отчёт тапшырганга келгенин билип, акыйкат издеп ушул жерге келдик. Жаңы эле мага "силер менен 7-8 депутат жолугат" деген жооп келди, учурда аларды күтүп жатабыз",- дейт маркумдун тууганы Микрам Ташбеков.