Японияда жер силкинүүлөр кайталанып, каза тапкандардын жалпы саны кеминде 40 адамга жетти

Япониянын түштүк-батыш тарабындагы Кюсю аралында жайгашкан Кумамото шаарында жер силкинүүлөр кайталанып,14-апрелден бери каза тапкандардын саны кеминде 40 адамга жетти. Ооруканада оор абалда жаткандардын да саны арбып, учурда 80 адам оор абалда экени айтылууда.

Чет элдик маалымат каражаттары жазып чыккандай, кечээ кечинде күчү очогунда 7,3 баллга жеткен жер титирөө кайталанып, бүгүн коңшу Оита шаарында да күчү 5,3 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Имараттар кыйроого учурап, жалпы 2000дей адам жеңил жаракат алганы айтылып жатат. 100 миң адам коопсуз жайларга эвакуацияланып, учурда аталган аймакта газ, электр жарыгы жок, жергиликтүү калк көчөлөрдө жашоого аргасыз болууда. Аталган аймактарда тиешелүү кызматтар кыйроонун кесепеттери менен күрөшүп жатышат.

Айта кетсек, 14-апрелде Япониянын түштүк-батыш тарабындагы Кюсю аралында жайгашкан Кумамото шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:11 чамасында жер титирөө катталган. Анын күчү очогунда 7 баллга жеткен. Жер титирөөнүн кесепетинен имараттар кыйроого учурап, 400дөй адам жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Кээ бир кыйроолор тилкесинде өрт токтобой жаткандыгынан улам газ берүү токтотулуп, электр жарыгы өчүрүлгөн.


кошулду
Япониянын түштүгүндө 7,3 баллга жеткен жер титирөө болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
shankol88
2016-04-15 10:40:40
Жаман болуптур Жаратан озу сактасын
+8
admiral
2016-04-15 11:36:55
Кудайым сактасын
+3
munara.11.
2016-04-15 12:02:57
саясаттын талкуусун небе жаап салдынар админ?
+3
admin_portal
2016-04-15 12:17:33
munara.11., саламатсызбы!
Агрессивдүү, бирөөлөрдү мазактаган, сөгүнгөн жана чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдүн эбегейсиз көбөйүшүнөн улам убактылуу ушундай чара колдонулду.
+3
Arslan12
2016-04-15 12:43:30
Анда атайын бет ачып койгула да болбосо жаза беребиз да ар бетке чындык ачуу болот окусун биздин чондор коменттерди дагы ачып койгула сураныч!
+17
KANAT85
2016-04-15 15:06:24
Arslan12,курсактуулар тынчыраак жейли деп жаптырып салса керекда)
+17
Shef87
2016-04-15 23:48:04
туугандар алар комет окумак беле
0
bom.bon
2016-04-16 21:08:59
Shef87,окуса керек.кыларга иш деле жокко
+7
gulnara2014
2016-04-16 22:45:16
Ал кайсы жерде. Саясатын талкуусуна кантип кирсе болот? Айтып койгулачы
0
admin_portal
2016-04-19 11:00:03
gulnara2014, саламатсызбы!
Саясат рубрикасы: http://www.super.kg/kabar/category/5/
Азырынча комментарий калтырууга болбойт.
0
A3A
2016-04-16 23:18:50
Кудай сактасын!
0
tursunai98
2016-04-16 23:55:35
кудайым озу сактасын жалган айтпасам жерда жарылганбы камаздын жанында
0
ema70
2016-04-17 00:23:12
Аябай жаман болуптур
0
Umar080814
2016-04-17 01:39:08
Кудай сакта эч бир жан жабыр тартпасын.
+1
Mercedes.Benz7777
2016-04-17 02:18:33
Япония элине конул айтайлы эми бул да пешенелери де бар экен
0
raiana53
2016-04-17 12:36:22
Аллахым жардам берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан