Кыргыз Республикасынын дипломатиялык паспорту бар жарандары мындан ары Францияга визасыз кире алышат. Бул тууралуу 18-апрелде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Парижде эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин жыйыны өтүп, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө багыттары талкууланды. Мындан улам Европа биримдиги жана ЕККУ алкагындагы байланыштар тууралуу да кеп болду.
Жыйынтыгында дипломатиялык паспорту бар кызматкерлерден өлкөгө кирип-чыгууда виза талап кылбоо тууралуу чечим кабыл алынды. Бул эреже франциялык дипломаттарга да тиешелүү болот.
Кыргыз мамлекети менен Франциянын ортосунда саясий мамиле 1992-жылдын 28-февралында орнотулган.