Жогорку Соттун судьялык кызматына 17 талапкер калды
17 кишиден турган топ Жогорку Соттун судьялык кызматына тандоонун экинчи туруна толугу менен өткөнүн Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады. Эске салсак, 7-ноябрь күнү Жогорку Соттун судьялык бош 6 орунуна 20 талапкер документтерин тапшырышкан. Бирок алардын 3өө четтетилип, 17си гана калган.