22-апрелде Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайлар арасында өткөн Универсиада оюндары жыйынтыкталды. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, 16 спорт түрү боюнча өткөн мелдешке 36 окуу жайдан 5 миңден ашык спортчу катышты.
Жыйынтыгында командалык эсепте 1-орунду И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери багынтышты. Муну менен аталган окуу жайдын студенттери 10-ирет Универсиадада чемпион аталышты. Алар жалпысынан 83 упайга ээ болушту (8 алтын медаль, 6 күмүш медаль, 3 коло медаль).
Командалык эсепте 2-орунду Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери камсыздашты. Ал эми байгелүү 3-орунду Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы багынтты.