SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кесарево кесүүсү" деген тема талкууга алынды.
Темада дарыгерлердин жеке кызыкчылыгы үчүн да кесарево кылып салышары, кээде муктаждыктан, кээде айымдардын өз каалоосу менен болору тууралуу ойлор айтылды. Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Акча деп жатып адамдык сапаттардан кол жууп жатабыз. Эгер балама коркунуч туулуп жатса, кесаревого макул болмокмун. Жеңем шаардагы төрөт үйлөрүнүн биринде кесарево жолу менен төрөдү, боюндагысына 7 ай болгондо эле толгоосу башталып, дарыгерлер кесарево кылабыз дешкенинен агам кол коюп берди. Жеңем үч эм төрөдү. Ошол төрөт үйүндө 3 күн жатканы үчүн 53 миң сомду санап берди, анча-мынча чыгашасы менен 100 миңдей болду. 4-күнү 4-төрөт үйүнө которду, ал жерде да акчанын күчү менен вакуумда 2 ай жатышты. Андан бери жыл айланды, жеңем кез-кезде кескен жери ооруй турганын айтып калат".
"Чынында эле биздин кыргыз дарыгерлери өз кызыкчылыгы үчүн эненин ден соолугу менен оюнчуктай эле ойношот. Анан дагы кээде өз ишин аягына чейин аткаруудан эринишет. Башымдан өткөн, "төрөй албайсың, кесарево кылабыз" деп кагынып-силкинишкен. Өзүң кыйналып, жаның көзүңө көрүнүп жаткан кезде кылган мамилелерине капа болгом".
"Баарына эле доктурларды күнөөлөгөн болбойт. Мен улуу баламды 90-жылдары төрөдүм. Эки күн толготтум, бирок бала чыкчу жер ачылбай кыйналдым. Врачтар консилиум өткөрүштү, мен макул болдум, антпесе мен дагы, бала да зыян тартып калмак. Экинчимди төрөгөндө врачтар "өзүң төрөгүн" деп уруксат беришти. Дагы эле баягы, кан кетти, ачылбайт. Айла жок, кесарево кылышты. Операциядан кийин аябай кыйналдым, врачтар дагы улам-улам кеңешме өткөрүп жатышты. Акыры дагы бир жолу тазалашты, көрсө, жатынга кан уюп калыптыр. Эгер андай жол менен төрөбөсөм эбак жан бермекмин да. Эмне үчүн кесарево жолу колдонулат? Биринчи кезекте эне менен баланын өмүрүн сактап калуу үчүн".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.