SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ата-энелер кубалап жөн отургузбаган отуруштар" деген тема талкууланууда.
"Бул жагынан менин ата-энем рекорд коёт. Бардык отурушта апам, сиңдим менен чогуу отурдук го, чиркин. Бир күнү бир баланын туулган күнү болду. 2 саатка эле деп араң суранып чыктым. Чогулдук, отуруш башталды, 2 саат өттү. Мен 17:00дө чыккам үйдөн, саат 20:00, жүрөк дүкүлдөп баштады, кайра-кайра терезени карамай. Сегиз жарымда ызы-чуу, апам да, атам да кирип келди, колдорунда таяк..."
"Мен апамдын жөнөтпөй турганын билип, атамдын иштен келер убагын күтчүмүн. Жибергени менен, баарын тактап сурап, дарегин, ата-энесинин телефон номерин алып калчу".
"Эң сонун кез окуучулук күндөр экен. Мен эч жерден калбайт элем. Классташ дос балдарым менен дайым уюштурчумун, анан мектепке да магнитофон алып барып мугалимдерден уруш укчу элек. Бирок сабак бүткөндөн кийин жаш мугалимдер бош класска чакырышып, өздөрү да бийлешчү".
"Классташтар 9-майда жаратылыш коюнуна чыгабыз деп пландаганбыз. Анан бир жума мурун эле тыпылдып жумуштун баарын жасадым. "Подходдун" түрүн жасадым го, чиркин. Акыркы мүнөттөргө чейин жөнөтүп калабы деп үмүттөнгөм, бирок жөнөтпөй коюшту. Анан ошол күнү эшиктерди тарсылдатып, жиним келип кечке ыйлагам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.