Жакында Жалал-Абад шаарында облустук казыят жана Жалал-Абад ОИИБи тарабынан түштүк аймагы боюнча 300дөн ашык кишинин катышуусунда конференция өткөн. Конференция КРнын Мамлекеттик гимни менен башталган. Гимн обого жаңырганда залдагылардын баары ордунан туруп, арткы катардагы кыздар турган эмес. Аларды балкондо отурган уюштуруу тобунун башында турган жетекчилер байкап, конференциянын аягында "мамлекеттик гимнди сыйлоо керек" деп эскертүү беришкен.
Жалал-Абад ОИИБинен бүгүн, 27-апрелде SUPER.KG порталына билдиришкендей, ал кыздар "Айша-Садык" медресесинде окушат. "6-7-класста окуган кыздар экен. Ооба, алар хиджаб кийип отурушкан. Алардын "биз диний медреседе окуйбуз, ордунан туруп, жүрөккө колду коюп, гимн аткаруу динге туура келбейт" деп айтканы күмөн, себеби алар эч ким байкабайт деген ойдо гана ордуларынан турбай коюшкан", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан.
Басма сөз кызматы белгилегендей, тиешелүү сөз айтылган соң медресенин жетекчиси жана облустук казыяттын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгилеп, бул иштерди аткарууну моюнга алышкан.
Кошумчалай кетсек, конференцияда диний экстремизм жана терроризм алып келе турган коркунучтар түшүндүрүлүп, андан алыс болуу чакырыгы айтылган.