Малайзиянын Фельда шаарчасындагы фермалардын биринде адам түспөлүндөгү улак туулду. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, адамдын бет түзүлүшүнө ээ улактын сүрөтү социалдык тармактарга жүктөлгөн соң талкуу жаратты.
Маалыматка ылайык, улак аз убакытта жан берген. Көптөгөн сунуштарга карабай мал ээси аны Малайзиянын ветеринардык кызматына изилдөө жүргүзүү үчүн өткөрүп берди.