Ош шаарындагы негизги көчөлөрдүн жээгиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн тышкы көрүнүшү иретке келтирилип, акталып-сырдалууда. Бүгүн, 29-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мэриянын өкүлдөрү менен биргеликте аткарылып жаткан иш процессин көрүп кайтты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Калаа башчысынын айтымында, мындай иш-аракеттер мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктүн алкагында жүргүзүлүүдө. Ош шаардык мэриясы шаардыктарга көмөк көрсөтүп, көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын
актап-сырдоо боюнча токтом да кабыл алган.
"Шаарыбыздагы көп кабаттуу үйлөрдүн сырттарын иретке келтирүү боюнча атайын токтом кабыл алганбыз. Жергиликтүү жашоочулар материалдык чыгымын чыгарса, техника, жумушчу топ жана башкаларына Ош шаардык мэриясы жардам берүүдө”, - деди Кадырбаев.
Быйыл 73 көп кабаттуу үйлөр акталып-сырдалат. Ош шаарында жалпысынан 640 көп кабаттуу үй бар, алардын да тышкы көрүнүшү кийинки жылдан тарта калыбына келтирилет.