Ноокен районунун жашоочулары куудул Жакут Сыдыковдун 30-апрелдеги концертинин сапатына нааразы. Бул тууралуу окурман 1-майда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
"Саат сегизде башталат деген концерт тогуз жарымда башталды. Залда эч кандай жасалгалоо жок, бош залда Жакуттун шакирттери ырдашты. Афишадагылардын жарымы жок, алардын ордуна эч ким тааныбаган бирөөлөр ырдашты. Алар менен Жакут өзү 15 күн мурун таанышыптыр, муну куудул өзү айтып өттү.
1-2-класста окуган жаш балдардан дагы кадимкидей 50 сомдон алды. Билет саткан келин абдан орой экен, жаш балдарды ары-бери түртүп жулкулдатып жатты. Биз алардын концертине коркконубуздан эле баргандай болдук. Саат тогуз жарымда башталгыча күтүп, мейли эми акырына чейин көрүп кетели, ушунча келгенден кийин деп отурсак, "алдыда отурган апалар, аталар, эми тиктеп отура бербей өзүңөр билип эле бирден-бирден чыгып кете бербейсиңерби" деди Жакут өзү.
Кыскасы, концерттен көңүл ачып келебиз деп барып күтө берип чарчап, акыры куудулдун шакирттеринин аткаруусунда эски ырларды угуп келдик", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.