Бишкек шаарында дагы бир дарак кулап, унаанын арткы терезелерин талкалап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда SUPER.KG порталына окуянын күбөлөрү билдиришти.
Маалым болгондой, Киев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде дарак кулап, Ауди үлгүсүндөгү унаанын арткы жагына тийип, терезелерин сындырып кеткен. "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын кызматкери Бектур Гаипов учурда окуя болгон жерде тиешелүү кызматтын кызматкерлери иш алып барып жатышкандыгын билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучулар жок.