Бишкекте балык уулап жатканда кокустуктан электр зымына кайырмагы илинип, денесинен 90 пайыз күйүк алган 63 жаштагы жаран ооруканадан каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-майда SUPER.KG порталына “Тез жардам” кызматынын жандандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов тастыктады.
Маалым болгондой, 63 жаштагы жаран алган оор жаракаттарынан улам бүгүн эртең менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн каза болду. Жандандыруу бөлүмүнүн жетекчисинин айтымында, денесинин 90 пайызынан күйүк алган адамдын жашап кетиши күмөн эле. Мындай күйүк алгандардын терисинин сырты да, ичи да жабыркап, ички органдарга терс таасирин тийгизет.