SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Тентектик үчүн тил уккан, таяк жеп, бурчка турган учурлар" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Классташ досум экөөбүз мектептин автоматын (электр тогун өчүрүп-күйгүзгөн рычаг) ойноп жатып кинодогудай кылып аттырып ийгенбиз. Аны бир улак сатып төлөйлү деп ойлогонбуз, бирок директор унчукпаганынан биз да төлөгөн эмеспиз".
"7-класста начар окуган эки кыз сабактан качып кетишчү. Бир күнү орус тил сабагынан качмай болуп жатышканын угуп карап калсам, мени да "жүрү" дешти эле, дароо макул болдум. Эмнеге качканымды өзүм деле билбейм. Бир саат араң чыдап, сабак бүтөрү менен класска кирсем эже чыга элек экен, "Эмнеге качтың?" десе "билбейм" деп коём".
"Мектептин жанында токой бар эле. Танапис учурунда классыбыз менен жабыла ошол жакта балык кармап ойноп, сууга түшчү элек. Бир жолу бир кызыбыз таш менен классташ балабызды башка бир койгон. Ал апасын ээрчитип келип чоң "разборка" болгон".
"Мектептеги биздин класс кылган бир абдан коркунучтуу окуяны азыркыга чейин эч кимге айткан эмеспиз. Кыргыз тили мугалими биздин классты жаман көрчү, биз да аны жаман көрчүбүз. Бир күнү сабактан кийин 3 кыз, 3 баланы алып калып "классты тазалагыла" деди. Аны жаман көрсөк, кабинетин жакшы тазаламак белек. Болушунча чачтык. Күрмөсүн илгичке илип коюптур, балдар кайдан таап келишкенин билбейм, тирүү жыландын баласын чөнтөгүнө салып коюшту. Эжекебиз келип, биз кабинетти өткөрүп берип кеттик. Чыга беришке жетип калганыбызда ушундай бир катуу кыйкырык чыкты... Ал жумада кыргыз тили сабагы бир да жолу болгон жок, кийинки жумадан баштап башка мугалим келди".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.