Бишкек мэриясы "Элдик парламенттин" "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүүсүнө уруксат бербей койду. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымат боюнча, аталган бирикме 17-май күнү "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүүнү пландап, аянтка 50 миңге жакын адам чогулары айтылган.
Бишкек мэриясы митингди "Жеңиш" аянтында, Ататүрк атындагы сейил багында же "Аккула" ат майданында өткөрүүнү сунуштады. Себеби митинг шаардын борборунда өтө турган болсо, жай тургундарга ыңгайсыздык жаралып, унаа тыгындары пайда болору эскертилген.
Эскерте кетсек, 12-майда УКМК "Элдик парламенттин" үч мүчөсүнө 27-295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу) жана 27-341-беренеси (бийликтин өкүлүнө күч колдонуу) боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмышка шектүүлөр УКМКга жеткирилип, иликтөө иштери башталган. Натыйжада коомдук бирикменин мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Төрөбай Колубаев эки айга камакка алынышты.