Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 10 миллиард 63 миллион метр куб болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 842 метр кубга, агып чыккан суу секундасына 210 метр кубга жетүүдө. Былтыр бул маалда суу сактагычтагы суунун көлөмү 7 миллиард 427 миллион метр кубду түзгөн.