Метеорологдор Индияда байкоо жүргүзүп, абанын температурасы +51 градус болгонун аныкташты. Рекорд кечээ, 19-майда Ражастан штатындагы Пхалоди шаарында катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
Буга чейинки рекорд 1956-жылы Ражастан штатындагы Алвар шаарында катталган, анда термометрдин көрсөткүчү +50,6 градусту көрсөтүп турган. Аталган штаттын дагы бир Чуру деген шаарында кечээ +50,2 градус ысык болуп, ал дагы мурунку рекордунан өтүп кетти.