Ош облусунун Өзгөн районунда медреседеги кыздар үчүн жатакана жана окуу класстары курула баштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Ош облусунун мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, медресенин кыздар бөлүмүнө атайын жаткана жана окуу класстары үчүн эки кабаттуу, 70 орунга ылайыкташкан имарат курулат. Курулуштун пайдубалын түптөө ишине Сауд Арабиядан келген коноктор, Кыргыз Республикасынын мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Курулуш сауд арабиялык жеке демөөрчүлөрдүн көмөгү менен курулууда.