SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Колтуктун тердөөсүнөн кантип арылса болот?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Тез-тез жууп туруш керек. Бир күн жуубай койсо мөлтүрөгөн сулуу кыздын дагы колтугу "түтөп" кетет".
"Бир группалаш кызым колтугунун жытынын айынан жигитинен ажырап калган. Эми бул оору эмес да жуккудай, күндө эрикпей таза жууп, кийимди тез-тез алмаштырып, синтетика кийимден оолак бол. Атайын колтукка арналган дезодоранттардан колдон".
"Тескерисинче, жугат. Чыныгы колоңсосу барлардын кийимин миң хлордосоң да кетпейт".
"Дезодоранттын да, антиперспиранттын да гелдери бар. Ошону колдон. Жатаарда дайыма колтугуңду бактерияга каршы самындар менен жууп жат. Кир самын да жакшы жардам берет. Кийимдериңди сууга салып, сыгып, ошо тердеген колтук тушуна туз же сода сээп койсоң жыты кетип калат. Таза жууп сыртка жайып, дайыма үтүктөп кийип жүр. Дезодорант, антиперспиранттарды көчөгө, ишке барарда колдон".
"Илгери ата-бабаларыбыз кой сойгондо койдун бөйрөгүн экиге бөлүп, колоңсосу бар адамдын эки колтугуна жарым саатка кыстартып койчу экен. Анан болду, сен көр, мен көр, жыт жок болгон имиш. Ал эми тиги пайдаланылган бөйрөктү ит да жебегендиктен, көмүп салышкан экен".
"Ошон үчүн ар бир адам өзүн таза алып жүрсө. Колтуктун тердөөсү эң жаман көрүнүш, бирөө менен кийим алмаштырсаң да жугат. Курбума кийим бергим келчү эмес, "колтугуң жыттанат" деп айтыш да кыйын".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.