"Ош базарындагы" жолдордо соодагерлердин айынан тыгындар көп болуп жатканын окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.
"Ош базардын" айланасын бирөө-жарым карайбы? Мөмө-жемиш, кийим-кечени арабага салып, жолго чейин чыгып сатышат. Алардын айынан тыгын көп болот. Айрыкча Кулиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.