29-майга караган түнү Италиянын Милан шаарында футбол боюнча ири лига - Чемпиондор Лигасынын финалы орун алды. Бул күнү мадриддик клубдар "Реал" менен "Атлетико" беттешип, 1:1 эсебинде тең ойношту (пенальтилер сериясында 5:3 эсебинде "Реал" утту).
Бул оюнга "Сан-Сиро" стадионунда күбө болгондордун катарында "Дордой" футболдук клубунун 2003-жылкы футболчулары да болушту. Алар "Футбол достук үчүн" долбооруна катышып, андан соң финалдык беттешти көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.