Бүгүн, 1-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин иши боюнча соттук отурум улантылды.
Буга чейин айыпталуучу А.Субанованын жактоочусу "күбөлөрдүн бири Киргшёлк айылындагы үйлөрдүн биринен 24-мартта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн" деп билдирген. Бирок анда жаңылыштык кетип, ал күбө тирүү экенин прокурор соттук отурумдун жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, күбө учурда кош бойлуу, ошол себептен соттук отурумга келе албагандыгын айткан.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.