Бишкекте 3-4-июнда "EXPO: Made in Kyrgyzstan" көргөзмөсү өткөрүлөт

Бишкекте 3-4-июнда Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында "EXPO: Made in Kyrgyzstan" аталышындагы I Эл аралык көргөзмө ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты - жергиликтүү ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, аларды эл аралык деңгээлде таанытуу, жергиликтүү өндүрүүчүлөргө инвесторлорду, өнөктөштөрдү табуу.

"Көргөзмөгө кыргыз жеринде өз продукциясын чыгарган жана тейлөө тармагында иш алып барган 55ке жакын компания катышат. Ошондой эле 3-июнда аутизм менен жабыркаган балдарды колдоого арналган кайрымдуулук концерти уюштурулат. Ал эми 4-июнда чет өлкөлүк ишкерлер менен жолугушуу болмокчу. Алар кыргыз ишкерлери үчүн мастер-класстарды өткөрүшөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Heloo
2016-06-02 21:46:27
Кируу акысызбы ошондо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан