Орозо кармагандар бүгүн, 6-июнда таңга маал ооз жабышты.
Орозо айы 6-июнда башталып, Кадыр түн 1-июлдан 2-июлга караган түнү болот. Азырынча Орозо айт майрамы 6-июлга болжолдонууда. "Орозо айт майрамын белгилөө күнү бир күнгө айырмаланышы мүмкүн", - деп кошумчалашты муфтияттын өкүлдөрү.
Маалыматка ылайык, азыркы план боюнча Орозо айт 6-июлда белгиленсе, Курман айт 12-сентябрга туура келет.