Кыргыз Республикасында расмий иш сапары менен жүргөн Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Инстаграмдагы жеке баракчасына "Тянь-Шандын тоо этектеринде" деген аталыштагы сүрөттү жарыялады. Медведевдин баракчасына жазылган 2,2 миллион окурмандын 51,5 миңи "жакты" деген белгини басышты. Сүрөттүн жарыяланганына 11 саат болду.