Таласта 9-класстын окуучулары классташын өлтүрүп, үйүнүн алдына отургузуп качып кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-майда саат 02:00дөр чамасында милицияга "Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында жашы жете элек баланын сөөгү табылды" деген маалымат келип түшкөн.
Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында каза болгон жаран 16 жаштагы А.А. аттуу 9-класстын окуучусу экендиги аныкталган. Маалыматка караганда, каза болгон баланын сөөгү үйүнүн алдындагы жыгач тактада жөлөнүп турган. Аталган факт боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгарылып, баш сөөгүнөн жабык түрдө жаракат алганы белгилүү болгон.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары каза болгон баланын классташтары кармалган. "9-класстын окуучулары айылдагы токойго чогулушкан. Балдар чырдаша кетип, 17 жаштагы К.А. күрөштүн ыкмасына салып аны жерге көтөрүп чапкан. Дагы бир классташы жабырлануучуга сокку узаткан. Сокку тийген жабырлануучу өзүн жаман сезе баштаган. Классташтары аны куткарууга аракет кылышкан, бирок майнап чыккан эмес. Баланы ат менен үйүнүн жанына алып барып, жыгач тактага жөлөп качып кетишкен", - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Учурда кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары кармалган 17 жаштагы К.А. жана 16 жаштагы Б.К. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.