Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу аракетине каршы добуш берген тармактык комитеттин депутаттарын айыптап, Фейсбуктагы баракчасы аркылуу видеокайрылуу жасап чыкты. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Жалиловдун айткандарына пикирин билдирди. "Орозо - бул баарыбызды сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө жана ынтымакка үндөгөн ай. Бирок парламенттеги жума намаздын убактысын узартуу же узартпоо маселесин дал ушул ыйык айда саясатташтырып, радикал молдолор ого бетер күчөтүп жибергендей болушту", - деди ал.
Депутат жума намазын окуу үчүн жалпы мамлекеттик мекемелердин иштөө тартибин өзгөртүү керек эместигин айтты. "Жума намазды окуганга мен эч качан каршы болбойм, тескерисинче, намазга жыгылган, ыйманга келген жарандарыбыздын көбөйгөнү баарыбыз үчүн жакшы. Бирок Эмгек кодексин өзгөртүп, бүтүндөй мамлекеттик органдардын, мектептердин, бала бакча, оорукана, айтор, бардык мекемелердин иш графигин жаңыдан иштеп, жума намаздын убактысын өзгөртүүгө азыр ошончолук эле чоң муктаждык барбы? Муну кызматкер менен жетекчи өз ара түшүнүшүү аркылуу эле чечип келишет, азыркыдай же жума намаздан кечиккени үчүн жарандарыбыз массалык куугунтукка алынып, жумуштан айдалып жатабы? Андайлар болсо мага келгиле, укугуңарды чогуу коргойлу. Кыргыз өкмөтү, профсоюздар уюму, УКМК, баары бул мыйзамга каршы корутунду берген", - деди Акаев.
"Чубак Жалиловдун мыйзамды колдобогон депутаттарга жаназа окулбасын, андай болбосун, мындай болбосун деген радикалдуу пикирлери - бул экстремизм, такфиризм! Бүгүн бул депутаттарды чечими үчүн каапыр атап, жаназа окулбасын десе, жайга коюлбасын десе, анын кийинки кадамы кандай? Ушунча болду компартияга мүчө болгондордун сөөгүн көрүстөндөрдөн чукуп чыгып бөлөбү? Раззаков менен Масалиевдердин сөөгүн чукуйбу? Ысырык салган энелерди эмне кылат? Сүмөлөк бышыргандардычы? Муну эми эл "шейх, сиздики туура" десе, эйфорияга алынып, өзүн Кудайдан кийинки эле адам сезе баштаган экен. Ыйык Орозодо элди ынтымакка, ыйманга үндөгөндүн ордуна бөлүп-жарган неме сөзсүз жазасын алат.
Дин менен ойногон саясатчыларды ээрчибегиле, алардын эл көзүнө намаз окуп, кандай ыплас иштерди жасап жатканын биз жакшы билебиз. Элден аброй топтоо үчүн оозунан Алла түшпөй, популисттик мыйзамдар менен алек болгондордун, динди бетине кармагандардан пайдасынан зыяны көп. Криминалы да, чала молдосу да, башкасы да кантип жашаганды бизге үйрөтпөсүн", - деп кайрылды депутат.
Учурда социалдык тармактарда бул маселе кызуу талкууга алынууда. Айрымдары Чубак ажы Жалиловдун пикирин туура десе, айрымдары Жанар Акаевдин пикирин туура дешүүдө.